Тег калкынын

Кыргызстанда туруктуу жашагандардын саны 7,2 миллиондон ашты

Кыргызстанда туруктуу калктын саны 2024-жылдын 1-августуна карата жылдын жети айында 1%га көбөйүп, 7 миллион 231 миң адамды түздү. Бул мезгилде 82,8 миң жаңы төрөлгөн бала жана 19,1 миң өлүм катталып, калктын табигый санынын 63,7 миң адамга көбөйүшүнө алып келген. Жогорку өсүш Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында байкалса, Бишкек жана Ысык-Көл облустарында төмөнкү көрсөткүчтөр байкалууда.