Бишкекте мыйзамга каршы келген балдардын укуктарына арналган тегерек стол өттү. Катышуучулар кылмыш процессинин ар кандай баскычтарында балдардын укуктарынын сакталышы жана аларды коргоо чаралары боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын талкуулашты.
Кыргызстанда 16-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо сырттан добуш берүү болот. Борбордук шайлоо комиссиясы 9538 арызды каттады, анын ичинен 3746сы карылардан, 1979у майыптардан, 3145и оорулуулардан. Добуш берүү өлкө боюнча 1129 шайлоо комиссиясында жүргүзүлүүдө.
Бишкекте “Учкун” ААКтын басмаканасына жана ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлоруна байланышкан коррупциялык схеманын бети ачылды. Басмакананын кызматкерлери административдик укук бузуулар боюнча протоколдорду кайталап түзүшүп, түпнускаларын алмаштырып, мамлекетке зыян келтиришкен. Басмакананын эки кызматкери кармалып, схеманын бардык катышуучуларын аныктоо боюнча иликтөө иштери уланууда.