Тег кампа

Казакстан менен Кыргызстан чек арада соода-логистикалык комплекс түзүшөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арада логистиканы жакшыртып, товарларды жеткирүүнү тездетүүчү соода-логистикалык комплекс түзүү боюнча мыйзамга кол койду. Комплекс өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүгө жана жаңы продукцияны иштеп чыгууга көмөктөшүүчү өндүрүш аянтчаларын, кампаларды жана транспорттук инфраструктураны камтыйт.