Тег каналдар

Жыл башынан бери ирригация тармагына 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү – Айыл чарба министрлиги

Жыл башынан бери Кыргызстандын ирригациялык тармагына 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев агроөнөр жай комплексинде олуттуу жылыш бар экенин жана мамлекеттин айыл чарбасына көңүл буруп жатканын көрсөткөн мамлекеттик колдоонун жогорулашын белгиледи. 14 ирригациялык объектиде иштер жүрүп, 500 чакырымдан ашык каналдар жана гидротехникалык курулуштар оңдолду.