кандидаттардын

ЖК шайлоосу: Алгачкы өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн арасында мурдагы депутаттар, аткаминерлер жана ишкерлер бар.

Бишкекте 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда. 50дөн ашуун талапкер, анын ичинде депутаттар, ишкерлер жана илимдин өкүлдөрү өз алдынча талапкерлигин коюшту.

Президент: Эми талапкерлердин акчасы партия лидерлеринин чөнтөгүнө эмес, шайлоого жумшалат.

Президент Садыр Жапаров жаңы шайлоо мыйзамы боюнча пикир билдирип, депутаттыкка талапкерлер үчүн 300 миң сомдук күрөө акысын коргоду. Бул сумма шайлоо процессин уюштурууга жумшалат деп белгиледи.