Тег капчык

Сузакта Түндүк борборунун башкы адиси кармалды

Бишкек, 27.10.25./Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы калкты тейлөө борборунун башкы адиси П.Б.М. кызмат абалынан пайдаланып, жарандардан акча талап кылганы үчүн кармалды. Ал 21 000 сомду электрондук капчык аркылуу кайтарып жатканда колго түшүрүлдү. Учурда башка окшош фактыларды жана бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүүдө.

«Сосновка» жана «Кара-Куль» постторунда накталай эмес система аркылуу 100 млн сомдон ашык чогултулду

Январьдан майга чейин «Сосновка» жана «Кара-Куль» транспорттук көзөмөл пункттарында 100 млн 992 миң 765 сом чогултулду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 46,3% көп. Бардык төлөмдөр QR-коддор, терминалдар же мобилдик тиркемелер аркылуу жүргүзүлөт. Бул демилге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана коррупцияны жоюу үчүн киргизилген.

Кыргызстандыктар эми кыймылсыз мүлк келишимдерин салык карыздары тууралуу маалымкатсыз эле түзө алышат.

Бишкек шаарында жаңы автоматташтырылган система ишке киргизилип, 300дөн ашуун адам кыймылсыз мүлк келишимин салык карызы тууралуу маалымкатсыз эле каттай алышты. Бул система мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүп, мүлктү кайра каттоону жеңилдетет. Салык карызы бар-жогун Salyk.kg тиркемеси же сайт аркылуу текшерип, онлайн төлөөгө болот. Электрондук акча колдонбогондор үчүн банктар аркылуу салттуу төлөм ыкмалары дагы жеткиликтүү.

Алдамчылар жарандарга крипто капчыктардан акча алуу жолдорун сунушташат

Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарга расмий катка жамынып крипто капчыктардан акча алууну сунуштап жаткан шылуундар тууралуу эскертет. Көзөмөл орган жеке адамдарга кызмат кылбасын эскертип, мындай сунуштарга ишенбөөгө чакырат. Алдамчылык фактылары катталган учурда дароо карталарды жаап, укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталат.