Тег карандысыздыгы

Руслан Казакбаев Түркиянын Бурса провинциясында жашаган кыргызстандыктар менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Бурса шаарында кыргызстандыктар менен жолугушуп, өлкөнүн өнүгүү реформалары, коррупцияга каршы күрөш жана кыргыз-турец мамилелеринин келечеги тууралуу маалымат берди.

Кыргызстанда энергетика тармагы: ГЭСтер, подстанциялар жана көмүр кендери өнүгүүдө

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата энергетика тармагында 11 жаңы объект ишке киргизилди. Бул объекттер электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоого жана тармактын өнүгүшүнө багытталган.

Жалал-Абадда Эгемендик күнүнө карата Басков, Люся Чеботина жана Bosson катышкан гала-концерт өтөт.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 34 жылдыгына карата негизги майрамдык иш-чаралар 30-августта Жалал-Абад шаарында өтүп, 31-августта өлкө боюнча кеңири белгиленет. Гала-концертте чет элдик жана жергиликтүү артисттер катышат.

Садыр Жапаров Ысык-Ата районунда керамикалык плиталарды өндүрүүчү завод ачты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Ата районундагы «Асылташ Керамикс» керамикалык плитка заводунун ачылышына катышты. Бул ишкана өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдеп, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Завод жылына 3,3 млн чарчы метр продукция өндүрүп, 300дөн ашуун жумуш орундарын түзөт. Президент жергиликтүү өндүрүштүн маанилүүлүгүн жана инвестициялык жагымдуулуктун өсүшүн белгиледи.

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата Лондондо футбол боюнча мелдеш өттү

Лондондо Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш өттү. Иш-чарага Улуу Британиянын ар кайсы шаарларынан 11 команда чогулуп, элчи Улан Джусупов өлкөнүн модернизациялоо жана өнүктүрүү жаатындагы жетишкендиктерин белгиледи. Турнир бир гана спорттук иш-чара эмес, кыргыз диаспорасынын байланышын чыңдоочу, улуттук маданиятты даңазалоочу маданий майрамга айланды.