Москвада Кыргызстандын жарандарынын Орусиядагы укуктук абалы талкууланды
Москвада Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев менен Григорий Карасиндин жолугушуусу болуп, анда соода-экономикалык кызматташтык жана маданий байланыштар, ошондой эле Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалы талкууланды. Тараптар парламенттик дипломатиянын маанилүүлүгүн баса белгилеп, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн туруктуу байланыштарды макулдашышты.