Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек-Ош жолундагы тоннелдерди эксплуатациялоого байланыштуу Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышты, бул бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана инфраструктуранын абалын жакшыртууга тийиш. Ошондой эле “Унаа” мамлекеттик мекемесин Транспорттук каражаттарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке айландыруу боюнча мыйзам долбоору жактырылды.
Автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош облустук башкармалыгында 24 саат бою иштеген бөлүм ачылып, каалаган убакта мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул жаңычылдык жарандарга автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү убакытка чектөөсүз алууга мүмкүндүк берүү аркылуу тейлөөнү жакшыртууга багытталган. Бөлүмдө бардык зарыл кызматтар бар, анын ичинде мобилдик тиркемелер жана терминалдар аркылуу төлөө.
1-сентябрь тартып, автотранспорт каражаттарын кайра каттоо жана каттоочу документтерди калыбына келтируу учун, е ээлеритранспорттук каражаттарынын ээлеринин жараны-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча келишим (камсыздандыруу полиси) ре корсотулуш. Мамлекеттик агенттик, ошондой эле, бардык аймак болумундо транспорт каражаттарын камсыздандыруу пункттарын жайгаштыруу маселесин карап жатат.