Бишкекте маймыл качып кеткен зоопаркты милиция текшерип жатат
Бишкекте ГУМ “Чынар” соода борборунун зоопаркында окуя катталды: качып кеткен маймыл кызматкерди жарадар кылды. Милиция тергөөгө чейинки текшерүүнү баштап, жаныбарлардын жашоо шартын жана коопсуздук чараларын текшерет.