Тег кароодон

“Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу

Жогорку Кеңештин депутаттары Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүүгө багытталган “Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышты. Талкууда автомектептердеги окутуунун сапаты, техникалык кароо, мамлекеттик номурлардын баасы жана мопеддерди, таксилерди башкарууну жөнгө салуу боюнча маселелер көтөрүлдү.