Тег каршы аракеттенүү

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

Президент Садыр Жапаров Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамды жактырды. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам ЕАТ бюджетин түзүүнүн укуктук негиздерин жана булактарын кеңейтет, ал кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чараларды күчөтүүгө тийиш. Жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бишкекте “Йакын инкар” уюмунун катышуучулары экстремисттик ишенимден өз ыктыяры менен баш тартышты

Бишкекте “Йакын инкар” диний-экстремисттик уюмуна каршы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Жети мүчө идеологиянын жалган экенин моюнга алып, мүчөлүктөн баш тартышкан. КР УКМК экстремисттик идеяларды тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин эскертет.