Тег каржы тартыштыгы

Жогорку Кеңештин депутаттары пенсия төлөмдөрүн көбөйтүү зарылдыгын талкуулашты

Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2024-2025-жылдарга бюджети тууралуу мыйзам долбоорлору талкууланды. Социалдык фонддун төрагасы жаңыланган суммалар менен тааныштырып, бюджеттин тартыштыгын жана пенсияны жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Депутаттар пенсиянын минималдуу өлчөмү, пенсионерлер менен жумушчулардын катышы, ошондой эле фонддун каражаттарын инвестициялоо мүмкүнчүлүгү боюнча суроолорду беришти.