Тег касапкана

Эт кайра иштетүүчү “Ат-Башы эт” ишканасы “Халал” сертификатын алды

Нарын районундагы «Ат-Башы эт» этти кайра иштетүүчү ишканасы чыгарган продукциясы ислам стандарттарына туура келгендигин тастыктаган «Халал» сертификатына ээ болду. Бул инвестиция тартуу жана Кыргызстандын халал индустриясында экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кеминдеги 120 миллион сомдук мыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунда мурда мал союу жана колбаса чыгаруучу ишканага тиешелүү болгон өндүрүш имараттары бар аймак мамлекеттин менчигине кайтарылды. Мүлктүн базар баасы дээрлик 120 миллион сомду түзөт. Ал 1995-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүнүн башка учурларын аныктоо иштери уланууда.