Тег Казакстан

Садыр Жапаров Астанага жумушчу визит менен келди. Аны кандай тосуп алышты (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров Астанага жумушчу сапар менен келди. Аэропортто борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжан мамлекетинин мамлекеттик желектери илинип, почеттуу караул түзүлдү. Жумушчу сапардын алкагында Жапаров борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын алтынчы кеңешме жана "Центральная Азия + Япония" диалогу боюнча саммитке катышат.

Кыргызстанда күрүч баасы көтөрүлүүдө. Бишкек жана аймактардагы баалар (видео)

Кыргызстанда орто жана узун дандуу күрүчтүн баасы өсүүдө. Орто дандуу күрүчтүн баасы өткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу 20 сомго, узун дандуу күрүчтүн баасы 5,9 сомго жогорулады. Күрүч негизинен Россия, Казакстан жана Өзбекстандан импорттолууда, ал эми Индия жана Пакистандан азыраак алып келинет. Бүгүнкү күндө супермаркеттерде жана базарларда баалар 120 сомдон 240 сомго чейин өзгөрүүдө. Кыргызстанда күрүч өндүрүшү акыркы 30 жылда беш эсе өскөн, ал эми жыйым 24 эсе көбөйүп, 48,8 миң тоннага жетти. Узген районунда өндүрүлгөн күрүчтүн сапаты дүйнө жүзүндө жогору бааланууда.