2024-жылдын 1-октябрына карата 107 миңден ашык бала бир жолку “балага сүйүнчү” жөлөк пулун алып, жалпы суммасы дээрлик 430 миллион сомду түздү. Төлөм ар бир жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом, үч эмге 50 миң сом. Акча каражатын алуу үчүн туулгандан кийин алты айдын ичинде арыз берүү менен Калкты тейлөө борборуна же каттоо органдарына кайрылуу керек.
Түрк мамлекеттеринин AI боюнча форумунда Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева өлкөнүн бул жааттагы жетишкендиктери менен тааныштырды. Негизги көңүл AI колдонуу менен Калкты тейлөө борборлорунун ишине мониторинг жүргүзүү системасына бурулууда, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган. Ошондой эле маалыматка жетүүнү жөнөкөйлөтүп, байланышты жакшыртуучу жарандар менен өз ара аракеттенүү үчүн чатбот талкууланды. Бул демилгелер санариптик трансформацияга жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт.
Тундук кызматында multitalon функциялары паида болду. Бул функция жарандарга паспорт, каттоо жана башка кызматтарды алууда бир купон менен бир нече адамга кызмат корсотууну женилдетет. Мультиталон 10 адамга чейин кабыл алууга, жарандыктан чыгууга жана актылык жазууларды озгорууге мумкундук алат. Бул жаңылык үй-бүлѳрдүн жана топтордун арыз берүүсүн зѳнѳкойлѳтүп, убакытты ѳнѳмдѳйт.