Бакуда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы көрсөтүлдү
Бакуда өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 29-конференциясында Кыргызстандын инвестициялык улуттук агенттигинин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов Азербайжан менен энергетика, туризм жана башка тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилеп, өлкөнүн инвестициялык потенциалы менен тааныштырды. Ошондой эле бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча реформалар жана келечектүү инвестициялык долбоорлор талкууланды.