Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусундагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырды. Өзгөндө “Ынтымак” партиясы алдыда, Ноокатта “Жаңы Кыргызстан”, Кара-Сууда да “Жаңы Кыргызстан” партиясы эң көп добуш менен жеңишке жетишти.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо башталып, ага дээрлик 15 миң талапкер катышууда. Административдик реформадан улам кеңештердин саны 59%га кыскарган. Биринчи жолу аралыктан добуш берүү жаңы технологияларды жана бюллетендер үчүн уникалдуу QR коддорду колдонуу менен киргизилди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн тартибин түшүндүрдү. Жарандар шайлоо участогуна паспорт менен келип, идентификациядан өтүп, талапкерлерди же партияларды тандап алышы керек. Ар бир добуш маанилүү!
Бишкекте 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө арналган Республикалык штабдын жыйыны өттү. Катышуучулар шайлоо участкаларын уюштуруу, комиссияларды окутуу жана шайлоонун коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулашты. Министрлер кабинетинин башчысы шайлоону демократиялык кырдаалда өткөрүүнүн маанилүүлүгүн жана эркин шайлоо процессин камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештердин курамын өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду. Эми Бишкек менен Оштун ар биринде 51ден депутат болуп, шаардык жана айылдык кеңештерге калктын санына жараша жаңы сандык ченемдер түзүлдү.