
Өкмөт башчысы Япониянын юстиция министрин кабыл алды.
Бишкекке иш сапары менен келген Япониянын юстиция министри Кэйсукэ Сузуки менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Адылбек Касымалиев кыргыз-япон мамилелеринин достук жана ар тараптуу өнөктөштүк рухунда өнүгүп жатканын белгиледи.