Садыр Жапаров Нью-Йоркко БУУнун алдындагы Келечектеги саммитке катышуу үчүн келген
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүүчү Келечектеги саммитке катышуу үчүн Нью-Йоркко келди. Форум адамзаттын бүгүнкүсүн жакшыртуу жана келечегин коргоо үчүн жаңы эл аралык консенсусту түзүүгө багытталган. Туруктуу өнүгүү, эл аралык тынчтык, илим жана санариптик кызматташуу маселелерин камтыган “Келечек үчүн пакттын” кабыл алынышы күтүлүүдө. Жапаров 24-сентябрдагы саммитте сөз сүйлөйт.