Тег келишимдик база

Тышкы иштер министри Түркиянын элчиси Ахмет Садик Доган менен жолугушту

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын элчиси Ахмет Садик Доган менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана алдыдагы жогорку деңгээлдеги сапарларды талкуулады.

Тышкы иштер министринин орун басары Австралиянын элчисинен ишеним грамотасынын көчүрмөсүн алды.

КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Австралиянын жаңы элчиси Жон Гиринг менен жолугушуп, аны дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалог жана экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар мындан ары байланыштарды чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.