Тег келтирилген

Жашыруун алдамчылык: УКМКнын жасалма кызматкерлери жогорку кызматтагы адамдардын атын колдонушкан

Чүй облусунда жогорку кызматтагы адамдардын атын жамынып, жарандарды алдаган алдамчылар кармалды. Алар алдоо жолу менен жер тилкесинин документтерин түзөбүз деп ири суммадагы акчаны ээлеп алышкан. Келтирилген чыгым 41 миллион сомдон ашык болгон. Тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан УКМКнын кызматкеринин жасалма күбөлүгү табылган.

Парламентте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүп жаткан иштери талкууланды

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана турак жайларды камсыздандыруу боюнча иш-чараларды талкуулады. Депутаттар профилактикалык иш-чаралардын зарылдыгына, кызмат адамдарынын жоопкерчилигине жана калкты сел жана өрттүн кесепеттеринен коргоо боюнча иш-чараларды каржылоого басым жасады. Мониторинг жүргүзүү жана келтирилген зыянды баалоо, ошондой эле сел каналдарынын жана токойлордун абалы да талкууланды.