Жалал-Абадда чет элдик инвестордон 200 миң доллар талап кылган кылмышкерлер кармалды
Жалал-Абад облусунда кен казган компаниядан 200 миң доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Мурдагы тергөөчү жана экс-аким баш болгон опузачылар инвесторлорду коркутуп, 60 миң доллар алышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.