
Саламатсызбы, Кыргызстан! Өлкөдө француз стандарттарына ылайык кулинария жана туризм курстарын киргизүү пландалууда
Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуп, мектептик жана баштапкы кесиптик билим берүү тармагында кызматташуунун келечегин талкуулады. Кыска мөөнөттүү курстарды киргизүү жана француз тилин окутуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.








