Тег кенин

Кыргызстандын бюджети Жерүй кенин иштетүүдөн 22,5 миллиард сомдон ашык акчага толукталды.

2015-жылдан бери “Альянс Алтын” компаниясы Кыргызстандын бюджетине 22,5 миллиард сом төлөп, Жерүй кенин иштетүүгө 600 миллион доллар инвестиция салган. 2023-жылы кен 4,4 тонна алтын өндүргөн, ошондой эле экологиялык коопсуздук жана жапайы жаратылышты калыбына келтирүү боюнча жигердүү иш алып барууда. Компаниянын кызматкерлеринин 97% Кыргызстандын жарандары.

Жерүй кенин иштетүүнүн аркасында Кыргызстандын бюджети 20 миллиарддан ашык сомго толукталды.

«Альянс Алтын» компаниясы 2015-жылдан 2024-жылдын сентябрына чейин Кыргызстандын бюджетине 20,46 миллиард сом которду. Тактап айтканда, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын августуна чейин алтынды сатуудан түшкөн салык 14,92 миллиард сомду түзсө, анын 4,34 миллиард сому 2024-жылы эле төлөнгөн. Компания инфраструктураны өнүктүрүүдө жана жергиликтүү жамааттарды колдоодо өзүнүн ролуна көңүл бурат.