Тег кепилдиктер

Кепилдик фонду жыл башынан бери аялдардын ишкердигин колдоо үчүн 677 миллион сомдук 915 кепилдик берди.

2022-жылдан бери Кыргызстандын Кепилдик фонду аялдардын бизнесин колдоону кыйла көбөйтүп, 3 миллиард сомго жакын 4 миң кепилдик берди. Кепилдик алуучулардын арасында ишкер аялдардын үлүшү 2022-жылдагы 29%дан 2023-жылы 41%га чейин өстү. 2024-жылы фонд тарабынан 677 миллион сомдук 915 кепилдик берилип, алар дээрлик 1,9 миллиард сомдук кредиттерди алууга мүмкүнчүлүк түздү. Ишкер аялдар ар түрдүү тармактарды, анын ичинде айыл чарба, тейлөө жана курулушту активдүү өнүктүрүүдө.