Жамиля Исаева: Эң негизги маселе – аялдардын өнүгүүсүнө шарт түзүү
Бишкекте Борбор Азия аялдарынын диалогунун жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат, анда аялдардын лидерлигин колдоо чаралары жана гендердик теңчилик талкууланууда. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева илим жана техника тармагында аялдардын өнүгүүсүнө шарт түзүү зарылдыгына, ошондой эле алардын экономикага, чечимдерди кабыл алууга катышуусунун маанилүүлүгүнө токтолду. Кыргызстанда 2030-жылга чейин аялдардын коомдогу ролун жогорулатууга багытталган программалар иштелип чыгууда.