Бишкекте мамлекеттик билим берүү стандарттары жана эмгек рыногунун талаптары боюнча семинар өтүп, анда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана окуу программаларын экономикага ылайыкташтыруу маселелери талкууланды. Билим берүү министринин орун басары билим берүүнү экономиканын керектөөлөрү менен интеграциялоонун жана билим берүү системасына заманбап ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бишкек шаарындагы №97 кесиптик лицейдин окуучулары жана мастерлери V эл аралык “ASTAUFEST - 2024” гастрономиялык фестивалында ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Фестивалга алты өлкөнүн өкүлдөрү катышып, Астанадагы коомдук тамактануу колледжи менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жоруктар жөнүндө кодекске жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алышты. Биринчиси, эпизоотиялык бакубаттуулукту жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга, экинчиси психологиялык кызмат көрсөтүү рыногун жөнгө салууга, жарандарды компетентсиз адистерден коргоого багытталган.