Жогорку Кеңештин комитетинде укук коргоо органдарынын кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору талкууланды
Жогорку Кеңештин комитети бейбаштык жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө үчүн жаза чараларын күчөткөн мыйзам долбоорун жактырды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине кийлигишкендиги жана айыптоочу материалдарды тараткандыгы үчүн айыппул жана камакка алуу каралган. Депутаттар коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын талкуулап, мыйзам долбоорунун текстине тактоолорду киргизүүнү сунушташты.