Тег кластердик ассоциация

Төрөбаев: Соода-логистикалык борборлорду уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча заманбап талаптар

Ош облусунда «Ноокат-Алмасы» соода-логистикалык борборунда семинар өтүп, анда кошумча нарк чынжырынын аймактык кластерин түзүү маселелери талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба өндүрүшүндө адистештирүүнүн жана инновациялык технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Семинардын катышуучулары, анын ичинде жергиликтүү администрациялардын жана банктардын өкүлдөрү аймактардагы кластердик ассоциацияларды колдоо боюнча тапшырмаларды алышты.