Климаттын өзгөрүшүнүн билим берүү тармагына тийгизген таасирин азайтуу боюнча кластердик мамиле Бакуда COP-29да талкууланды
Бакуда Кыргызстандын билим берүү системасындагы климаттын өзгөрүшү боюнча иш-чара өтүп, анда реформалар жана “Кластердик мамиле” долбоору талкууланды. Катышуучулар климаттык кризисте билим берүүнүн ролу тууралуу пикир алмашышты.