
Элдик Банк жана АБР Кыргызстандагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча долбоорду баштады
Элдик Банк" жана Азиаттык өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы аграрийлерди колдоо үчүн "Климатка туруктуу айыл чарба кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоорун баштады. Долбоордун алкагында 13 миллион долларга тең келген субсидиялык кредит берилет, ал айыл чарба секторундагы юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге жеңилдетилген шарттарда сунушталат. Бул демилге айыл чарба өндүрүшүн жакшыртууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.








