Кыргызстанда качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо маселелери каралды
Бишкекте КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлү Думитру Липканунун жолугушуусу болуп, анда качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды. Исаев Кыргызстандын мыйзамдык базаны түзүүдөгү ийгиликтерин белгилеп, Липкан өлкөнүн регионалдык демилгелерге активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар мындан аркы кызматташтыкты жакташат.