Тег комиссиялар

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: аралыктан добуш берүүгө арыз берүүнү унутпаңыз

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды 2024-жылдын 2-ноябрына чейин tizme.gov.kg сайты жана өлкө боюнча 27 пункт аркылуу аралыктан добуш берүүгө арыз берүүгө чакырат. Бул жаңычылдык катталган жери боюнча добуш бере албагандарга 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга мүмкүндүк берет.