комиссиясы

Эл аралык байкоочулардын саны 127ге жетти

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоолоруна 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялоо чечимин кабыл алды. Аккредитацияланган байкоочулар арасында Азербайжан, Түркия, Молдова, Грузия, Армения, Мальдивдер, Босния жана Герцеговина, Казакстан, Венесуэла, Франция, Европалык Союз, ТМДнын Парламенттик Ассамблеясы жана ОБСЕдин өкүлдөрү бар. Бүгүнкү жыйындын жыйынтыгы боюнча, жалпы аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын саны 127ге жетти.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо: Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар онлайн добуш бере алышат.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдайт.

Балыкчыда балдарга психологиялык колдоо көрсөтүүнү күчөтүү жана тиешелүү мекемелерге штаттык психологдорду киргизүү маселеси талкууланды.

Балыкчы шаарында балдарды ар дайым психологиялык колдоо зарылдыгы талкууланды. Зомбулукту алдын алуу, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар кабыл алынды.

Парламенттик шайлоо: 458 талапкер катышуу үчүн арыз берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын арыздары кабыл алынып жатат. 24-октябрга карата 458 жаран арыз тапшырган. Шайлоочулардын саны 4 млн 287 миң адамды түзөт, 2492 шайлоо участогу ачылат.

БШК чет элдеги шайлоо участоктарынын даректерин картага жайгаштырды

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү шайлоочулары үчүн 71 шайлоо участогун картада көрсөттү. Бул жарандарга жакынкы участокту оңой табууга жана анын жайгашкан жерин тактоого жардам берет.

Кыргызстанда аралыктан добуш берүү: онлайн шайлоо эмес, жаңы идентификация формасы

Кыргызстанда алгачкы жолу аралыктан добуш берүү системасы расмий түрдө киргизилүүдө. Бул электрондук добуш берүү эмес, шайлоочуларды онлайн-идентификациялоо технологиясы, бул жарандарга кайсы болбосун аймактан же чет өлкөдөн өз округу үчүн добуш берүүгө мүмкүндүк берет.

БШК талапкерлер менен ЖМКларды социалдык тармактарда жана эфирлерде эрте үгүт жүргүзгөнү үчүн айыппул салды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрда шайлоого чейин үгүт иштерин жүргүзүү мыйзамдарын бузуу учурларын карап чыгып, бир катар талапкерлерге жана уюмдарга айып пул салды. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганын эскертти.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкерди каттады.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин көп мандаттуу округдары боюнча талапкерлерди каттады. Талапкерлердин шайлоо документтери мыйзам талаптарына жооп берет деп табылды. Катталган талапкерлерге күбөлүктөр берилет.

ӨКМ Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү өрттү иликтөө үчүн комиссия түздү.

Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдө болгон ири өрттү иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Өрттүн себептери, гидранттардын абалы жана өрт коопсуздугу талаптары каралууда.