Тег коммерция

Кыргызстан жарым жылга тамеки ташууга тыюу салуу ниетинде

Кыргызстан жарандардын ден соолугун коргоо жана аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн жарым жылга тамекилерди ташып келүүгө жана транзитине убактылуу тыюу салууну пландоодо. 2023-жылы 65 миң кутудан ашык тамеки мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынып, контрафакттык продукциянын үлүшү 17,7%га жеткен.

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөгөн

Июль айында Бишкектеги батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 85 045 сомду же $990 түздү. Өткөн айда бул көрсөткүч 90 400 сом же $1 040 болгон. Бир айдын ичинде баа 5 355 сомго төмөндөгөн. Жеке үйлөрдө бир чарчы метрдин баасы 109 882 сом же $1 279, коммерциялык жайларда болсо 101 416 сом же $1 180. Кыймылсыз мүлк сайттарындагы баалар реалдуу базар бааларынан айырмаланат, бул тууралуу риелтордук компаниялардын жетекчилери билдиришкен.