
Турак жайды камсыздандыруу – табигый кырсыктардын кесепеттерин алдын алуунун эң натыйжалуу жолу.
Кыргызстанда жаз жана жай мезгилдеринде жаан-чачын башталып, селге алып келет. 2025-жылдын 1-январынан 8-июлуна чейин 59 сел катталган. Жабыркагандар жок, бирок материалдык чыгымдар 1 млн 980 миң сомду түздү. Табигый кырсыктардан коргонуу үчүн турак жайды камсыздандыруу сунушталат.


