Ысык-Көлдө уурулук менен алектенген коңшу мамлекеттен келген кылмыштуу топ кармалды.
Ысык-Көл облусунда гастролдук аткаруучулар тарабынан туристтердин унааларын уурдоо фактыларынын бети ачылды. 570 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Кылмышка шектүүлөр кармалып, радиолор, уюлдук телефондор жана ар кандай валютадагы накталай акчалар алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.