КР Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты камакка алынды
Бишкекте кеңешчинин орун басары Гүлкан Молдобекова алдамчылык жана документтерди жасалмалоо фактыларына шектелип кармалды. Ал Жогорку Кеңешке мыйзамсыз түрдө ишке орношуп, жалган маалымат берип, алдоо жолу менен жогорку жетекчилердин атын жамынып, жарандардын акча каражаттарын ээлеп алган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.