Баткенде аткезчилик жол менен эт азыктарын алып өтүү аракетинин алдын алынды
Баткенде бажы кызматкерлери 28,9 тонна эт азыктары менен жүк ташуучу унааны кармашса, анын 13,9 тоннасы гана декларацияланган. Тартип бузгандыгы үчүн 28 миң сом айып салынып, 165 миң сом салык өндүрүлгөн.