Элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Москвадагы кыргыз диаспорасы менен жолугушуу өткөрдү
Москвада Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев менен кыргыз диаспорасынын активисттеринин жолугушуусу болуп, анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү, жумуш орундарын түзүүдөгү жетишкендиктери жана алдыдагы Маданият күндөрү талкууланды. Элчи чет жердеги мекендештердин салымынын маанилүүлүгүн белгилеп, элди ынтымакка чакырды. Диаспора Кыргызстандагы алгылыктуу өзгөрүүлөрдү белгилеп, элчинин ишин колдоорун билдирди.