Тег коомдук-саясий абал

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: Саясий кырдаал туруктуу бойдон калууда

Кыргызстанда саясий абал туруктуу, деп билдирди ИИМдин тергөө кызматынын башчысы. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, Ысык-Көл облусунда болушу мүмкүн болгон жолугушуулар тууралуу маалымат текшерилүүдө. Жалган маалыматтарды таратуу фактылары, анын ичинде Караколдон алынган эски видеолор иликтенип жатат. Шайлоо тынч, нааразычылыктарсыз өттү.

Бишкекте бийликти басып алуу үчүн массалык баш аламандык уюштурууга шектелгендер кармалды.

Бишкекте 17-ноябрда өткөн шайлоодо массалык башаламандыктарды жана бийликти күч менен басып алууну пландаган топтун мүчөлөрү кармалды. Шектүүлөрдүн жанынан курал-жарак, жардыруучу заттар жана баңгизаттар алынган. Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иштери козголуп, башка катышуучуларды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.