Тег коомдук тамактануу

Жогорку Кеңештин комитети айып пулду көбөйтүү сунушу менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган мыйзам долбоорлорун жактырды. Демилгелердин арасында массалык уулануулардын жана жугуштуу оорулардын алдын алууга жардам бере турган санитардык нормаларды бузгандар үчүн айыппулдарды катаалдаштыруу бар. Юридикалык жактарга айып пул 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.

Министрлер кабинети мектептерде тамактанууну уюштуруунун жаңы эрежелерин бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети окуучулар үчүн ден соолук жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган мектептерде тамактанууну уюштуруунун жаңы жобосун бекитти. Жергиликтүү бийлик органдарына мектеп окуучуларынын, өзгөчө турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын тамак-ашын жакшыртууга каражат бөлүү сунушталды. Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин тамак-аш кайра иштетүү тармагынын жумушчуларын аттестациялоо жана квалификациясын жогорулатуу пландаштырылууда.

Мамлекеттик салык кызматынан ишкерлер үчүн контролдук-кассалык машиналарды колдонуудагы өзгөртүүлөр

Бишкек шаарында такси жана товарлар жеткирүү кызматтарын көрсөтүшчү ишкерлер үчүн касса машиналары колдонуу боюнча жаны озгортуулор кыргызча. 2025-жылдын 1-январь чейн ККМ колдонуу милдеттуу эмес. Интернет аркылуу продукт саткан ишкерлер үчүн ККМ колдонуу мөөнөтү 1-ноябрь чейн узарылды. Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин билим берүү кызматы жана өз колу менен жашалган буюмдарды саткан иштерлер 2024-жылдын 14-сентябрь тартып ККМ колдонууга милдеттүү.