Кочкордо жаңы көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат
Кочкордо Кочкор-Коммунизм унаа жолунда Чүй суусуна көпүрө куруу иштери уланууда. Узундугу 54 метр, туурасы 12,5 метр болгон көпүрө үч аралыктан туруп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Иштин жакынкы күндөрү бүтүшү күтүлүүдө.