Нөшөрлөгөн жаан кооптуу жаратылыш кубулуштарын жаратышы мүмкүн, деп эскертет ӨКМ
2024-жылдын 5-ноябрынан 8-ноябрына чейин Кыргызстандын аймагында локалдуу нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт, бул бир катар аймактарда таш кулап, башка кооптуу табигый процесстерге алып келиши мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдордогу кооптуу жагдайларды эскертип, этият болууга чакырат.