Тег координация

«Коопсуз шаар» системасы жакынкы аралыкта бүткүл республика боюнча ишке киргизилет, деп билдирди ИИМ башчысы.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстанда “Коопсуз шаар” системасын ишке ашыруу башталганын онлайн жыйында билдирди. Ал жол коопсуздугун камсыз кылуудагы кемчиликтерди жоюунун маанилүүлүгүн белгилеп, белгиленген көрсөткүчтөрдү так аткарууга чакырды. Система “Акылдуу шаар” долбоорунун бир бөлүгү болуп калат жана аны өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырууну Ички иштер министрлиги координациялайт.