Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Тоо» полигонундагы аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгынын деңгээлине баа беришти
Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Тоо» полигонуна барып, аскер кызматкерлеринин кызматтык жана күжүрмөн даярдыгы менен таанышып, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда алардын орду чоң экенин баса белгилешти. Коргоо министри мамлекеттин армия үчүн шарттарды жакшыртуу, анын ичинде турак-жай жана социалдык объектилерди куруу боюнча аракеттерин белгиледи.