
Токмокто 440 млн сомго эки жаңы окуу корпусу курулуп, 1600 окуучу орун түзүлөт
Токмок шаарындагы эки мектепке 1600 окуучуга ылайыкталган эки окуу корпусу курулат. Бул үчүн республикалык бюджеттен 440 млн сом бөлүнөт. Курулуш иштери 2026-жылы башталып, шаардагы билим берүү шарттарын жакшыртат.



