
Акыркы 10 жылда Перуда жети президенти алмашты: жаңы президент кызматка киришти.
Перу парламент лидери Хосе Хери жаңы президент катары ант берди. Ал жеке байууга жана нааразылык акцияларын басууга айыпталып кызматтан четтетилген Дина Болуартенин ордуна келди. Хери кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана келерки жылы адилет шайлоолорду өткөрүүгө убада берди. 2016-жылдан бери Перуда жетинчи президент алмашты, бирок алардын бири да мөөнөтүн аягына чейин иштеген жок.








