Кыргызстанда туристтик жайларга баруучу жолдор жаңыланууда – фото
Кыргызстанда туристтик жайларга баруучу жолдор, анын ичинде Каракол лыжа базасы жана жаратылыш парктары активдүү оңдолууда. Базага чейинки 3,5 чакырым жолдун 3,1 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктап, калган тилкелерин жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги популярдуу пансионаттарга жана эс алуу жайларына каттамдар да жаңыланып, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошууда.